• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Сокулукта чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөн өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 19:54тө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнөн 2 бөлүм жана саат 20:14тө штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 20:43тө чектөөгө алынып, 21:56да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн эмнеден келип чыккандыгы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий