• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте Кызматташтык боюнча кыргыз-сауд комитетинин IV жыйыны тар курамда өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Падышалыгынын айлана-чөйрө, айыл чарба жана суу ресурстары министри, Кызматташтык боюнча кыргыз-сауд комитетинин теңтөрагасы Абдуррахман бин Абдулмохсин Аль-Фадли менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери жана эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн келечеги талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев саудиялык кесиптешин жылуу тосуп алып, “Ынтымак-Ордо” президенттик администрациянын жаңы имаратында биринчи жолу өкмөттөр аралык жыйын болуп жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын кызматташтыгы акыркы жылдары динамикалык темп менен өнүгүп жатканын белгилеп, буга мисал катары жогорку жана бийик деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды келтирди.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, учурда эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө салым кошкон бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын келечекке чоң пландары бар экенине ишенимин билдирген Адылбек Касымалиев, айыл чарба, энергетика жана туризм сыяктуу негизги тармактарда тажрыйба жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн айтты.

Тараптар соода жүгүртүүнүн жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле эки өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Атап айтканда, эки өлкөнүн экономикасы үчүн артыкчылыктуу болгон айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө басым жасалды.

Өз кезегинде Сауд Аравия Падышалыгынын айлана-чөйрө, айыл чарба жана суу ресурстары министри Абдулрахман бин Абдулмохсин Аль-Фадли эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын эбегейсиз зор потенциалын белгилеп, “Кыргызстандын демилгелерин колдоого жана айыл чарбасын, энергетиканы жана башка негизги тармактарды өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорго катышууга жигердүү кызматташууга”, - даяр экендигин билдирди.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири изилдеп, пландарды ишке ашыруу үчүн жумушчу топторду түзүүнү сунуштады. Алар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү жаңы келишимдерге кол коюуга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий