• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өттү — фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 09.05.23. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты, деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.

Акцияга 1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик согуштагы кыргызстандык катышуучуларынын урпактары, Коргоо министрлигинин өздүк курамы, Советтер Союзунун баатыры, Д. Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин мураскерлери, Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары, КР Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери катышты.

Эскерүү жүрүшү Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан баштап, Ж. Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин уланды.

Белгилей кетсек, иш-чара жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн күрөшкөн жоокерлердин жаркын элесине таазим кылуу максатында өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий