• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө кибер коопсуздук маселеси актуалдуу болуп саналат –Т.Жумакадыров

Коом 0

Бишкек, 30-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Дүйнөдө бүгүнкү күндө кибер коопсуздук маселелери актуалдуу болуп саналат. Бул тууралуу “Таза коом” долбоорун талкуулоо боюнча эл аралык конференцияда КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

Анын айтымында, 23-25-майда ал Твердеги коопсуздук жетекчилеринин жолугушуусуна катышкан. Анда күн тартибиндеги эки маселенин бири маалыматтык коопсуздук жана кибер кылмыштуулук маселеси болгон.

“Бул жолугушууга дүйнөнүн 95 өлкөсүнүн өкүлү катышып, 60ы сөз сүйлөдү. Ар бир өлкө кибер коопсуздуктун маанилүүлүгүн белгилеп, кибер чабуулардын мисалга келтиришти. Бул аталган маселенин актуалдуулугун ырастайт”, - деди ал.

Бул жолугушууда Т.Жумакадыров кибер чабуулдар өсүп жатканын белгиледи.

“Кибер кылмышкерлер чабуул коюу менен акча табышат. Алсак, 12-майда 1,2 млн компьютерге чабуул жасалып, вирус кирген. Учурда бул көйгөйгө каршы санариптик мамлекетти түзүүнү каалап турабыз”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий