• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте лифттерди модернизациялоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы борбордогу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин абалын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашкан лифт жабдууларын алмаштырууга багытталган модернизациялоо программасынын алкагында Тынчтык проспектиси, 29 дарегиндеги үйдө жаңы лифт орнотуу иштери жүрүп жатат.

"Бул үйдүн имараттарынын биринде лифт толугу менен алмаштырылып, пайдаланууга берилген, эми анын жашоочулары заманбап жана коопсуз жабдууларды колдоно алышат. Башка корпуста жаңы лифтти орнотуу иштери улантылууда, жакын арада бул көп батирлүү үйдү модернизациялоону аяктоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий