• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мектепке 1-класстын окуучулары гана барышат - Боронов

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. 1-сентябрда мектепке 1-класстын окуучулары гана барышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

"1-сентябрда жаңы окуу жылы башталганда 1-класстын окуучулары гана мектепке барышат. Калган окуучулар биринчи чейректи аралыктан окушат. Күзгө карата эпидемиологиялык абал турукташса алар экинчи чейректен баштап окууга бара башташат. Ал маселе биринчи чейрек учурунда каралып, чечим чыгарылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий