• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Түндүкэлектр» 1-мартта беш миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. «Түндүкэлектр» ишканасы 2021-жылдын 1-мартынан баштап өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 5 миңден ашуун турмуш-тиричилик абонентинин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн бөлүштүрүү компаниянын сайтында «Абоненттин балансы» рубрикасы иштейт. «Түндүкэлектр» ишканасынын баардык абоненттери өздөрү каалаган убакытта өздүк эсебин көрө алат.

Андан тышкары, абоненттер ишкананын колл-борборуна 1209 кыска номери аркылуу салып, же WhatsApp тиркемеси аркылуу 0551 001209 номерине жазып өздөрүнүн балансын билсе болот.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. «Түндүкэлектр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр болот, төлөм тууралуу билдирме «Түндүкэлектрдин» маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир

Оставить комментарий