• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

10-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 24…29, Таласта 18…23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 21…27 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 25…30 градуска чейин ысыйт.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн, абанын температурасы 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий