• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте өлкө жетекчилигинин атын жамынып, ири алдамчылык кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Өлкө жетекчилигинин атын жамынып, ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдоо жолу менен 80 миң доллар алууга шектелген Бишкек шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү жаран А.А. аттуу жарандын арызы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Кармалган жаран өзүн жабырлануучуга өлкө башчысынын жана УКМКнын төрагасынын жардамчысы катары тааныштырган. 2024-жылдын февраль айында башка кылмыш иши боюнча материалдык зыяндын ордун толтурууга жардам берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 80 миң доллар алган. Бирок, акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып кеткен. Учурда тергөө иштери уланууда.

ИИМ өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин аракеттерин дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти улантууда.

"Эгерде ошол жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөбүз: 0707 868 668, 0701198219, 0779 443 455, ИИМдин КИББдин нөөмөт бөлүгү: 0312 266 261", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий