• 87
  • 90.59
  • 0.87

Бишкекте маданияттар диалогунун көркөм аянтчасы болгон "Мурас" фестивалы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 25.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте бүгүн маданияттар диалогунун көркөм аянтчасы болгон "Мурас" фестивалы өтүп жатат.

Иш-чара "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюмунун демилгеси менен уюштурулуп, ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан жана Өзбекстандан элдик искусство чеберлери жана маданият өкүлдөрү катышууда.

Саамалык Кыргызстанга көчүп келип, кыргыз элинин маданий мурасын сактап келген орус этнографы Клавдия Антипинанын 120 жылдыгына арналган.

"Быйыл Кыргызстанга көчүп келген орус этнографы Клавдия Антипинанын 120 жылдыгы белгиленүүдө. Анын урматына маданияттар диалогунун көркөм аянтчасы болгон "Мурас" фестивалын өткөрүүдөбүз",- деп белгилешти уюштуруучулар.

Фестивалдын негизги миссиясы – маданий мурастар аркылуу кайра иштетүү маданиятын жайылтуу.

Белгилей кетсек, фестиваль дагы 3 күн уланат. Анын алкагында Бишкектин жети университетинде экомода көргөзмөсү жана мастер-класстар өтүп, анда 700 студент кайра иштетүү ыкмаларына үйрөтүлөт.

Маалымат үчүн: Клавдия Антипина - кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана турмушу боюнча адис. 1904-жылы 5-майда Россиянын Саратов облусунун Балашовский районундагы Турки кыштагында туулган.

Анын эң маанилүү илимий изилдөөлөрү жана урпактарына калтырган мурасы – “Түштүк кыргыздардын материалдык маданиятынын жана прикладдык искусствосунун өзгөчөлүктөрү” аттуу көлөмдүү монографиясы, “Кыргыздардын элдик искусствосу” жана “Кыргызстандын элдик казынасы” китеп-альбомдору.

Пикир

Оставить комментарий