• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө "Ала-Тоо симфониясы" чыгармачылык мектеби өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 23-июлдан 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда "Ала-Тоо симфониясы" чыгармачылык мектеби өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чара Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен Россиянын Гнесин атындагы музыка академиясы менен биргеликте уюштурулган.

Катышуучулар Гнесин атындагы музыка академиясынын окутуучу-профессорлору жана искусство тармагындагы көрүнүктүү ишмерлер, таланттуу музыканттардан сабак алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондой эле катышуучулар үчүн окуудан сырткары мастер-класстар, ачык сабактар, лекциялар, чыгармачылык жолугушуулар өткөрүлөт.

Андан сырткары, жайкы чыгармачылык мектептин алкагында атайын концерттер тартууланып, концертке балдар хору жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри катышат.

25-июль күнү "Рух-Ордо" сахнасында легендарлуу Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт. Аталган спектаклди А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын чыгармачыл курамы аткарат.

Пикир

Оставить комментарий