Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны Сооронбай Жусуев 95 жашка чыкмак

Маданият 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуев көзү тирүү болгондо бүгүн 15-май күнү 95 жашка чыкмак.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күн министрлик тарабынан "Сооронбай Жусуевди эскерүү күнү" деп жарыяланды. Бүгүн кыргыз маданият ишмерлери акындын ырларын окуп, чыгармачылыгына жана басып өткөн өмүр жолуна кайрылышат.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Орто мектепти аяктары менен Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, атактуу Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн. Согуштан кайткандан кийин 1946-1947-жылдары райондук "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947-1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда билим алат. Аталган окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөндөн кийин, 1951-жылы Ош облустук "Ленин жолу" гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштейт. Ошол эле жылы Москванын Максим Горький атындагы адабият институтуна тапшырып, билим алат. Адабият институтун аяктап келгенден кийин "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенген.

Сооронбай Жусуев токсондон өтүп жашап, көзү өткүчө улуттук адабиятыбызга нар көтөргүс салым кошкон. Кыргыз поэзиясынын казынасын байытып 11 томдук ыр жыйнактарын мурас калтырган. Бир нече ырларына атактуу композитор, обончулар обон жараткан. Котормочу катары да орус, казак, өзбек элдеринин чыгаан акындарынын ырларын, Шекспирдин драмаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы ал "Кыргыз ССРинин эл акыны" наамын алган. 1998-жылы ыр менен жазылган "Курманжан Датка" романы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму Сооронбай Жусуевдин чыгармачылык ийгиликтерин баалап, Алтын медаль менен сыйлаган. 2007-жылы Сооронбай Жусуевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ардактуу наамы ыйгарылган.

Эл акыны, баатырыбыз Сооронбай Жусуевди кыргыз элине калтырып кеткен өлбөс мурастары, ыр берметтери менен эскерели. Бүгүн Кыргызстандын театрлары, маданий коомчулук Эл акынынын ырларын социалдык тармактарда окушат. Залкар акындын өмүрү, ишмердиги тууралуу "Талант сыры" аттуу көрсөтүүнү КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналында саат 18:25те, акындын романынын негизинде коюлган "Курманжан Датка" спектаклин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын артисттеринин аткаруусунда саат 18:55те, "ЭлТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясынан саат 13:30да Сооронбай Жусуев жөнүндө даярдалган "Зоболо" берүүсүн, 17:30да белгилүү адабиятчы А. Муратов менен маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин эскерүү маегин жана саат 18:45те "Слово о поэте" аталышындагы көрсөтүүнү көрө аласыздар", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий