Өзбекстанда өткөн салттуу музыка сынагында кыргызстандык комузчулар биринчи орунду ээледи

Маданият 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары - 2019» эл аралык салттуу музыка сынагында кыргызстандык комузчулар биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Аталган сынак Өзбекстанда эки жылда бир өткөрүлүп келет. Бул ирет сынакка 80ден ашык мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салттуу музыканын өнөр ээлери катышкан.

Бул сынакка Кыргызстандын атынан Эламан Каныбеков жана Айбек Каныбеков барышкан. Сынакта биринчи орунду ээлеген өнөрпоздор К. Орозовдун “Жаш кербез”, Н. Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, А. Огонбаевдин “Ак тамак – Көк тамак” жана Н. Борошевдин “Кара өзгөй” күүлөрүн чертип, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырышкан.

Белгилей кетсек, эл аралык сынактын калыстар тобунун катарында Кыргыз эл артисти Роза Аманова да болгон.

Эламан жана Айбек Каныбековдор К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясынан жана М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайынан билим алышкан.

Учурда Эламан Каныбеков Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын “Камбаркан” фольклордук ансамблинде, ал эми Айбек К. Орозов атындыгы ансамблде эмгектенишет. Ошондой эле, учурда Эламан Каныбеков М. Абдраев атындыгы музыкалык окуу жайында сабак берет.

Пикир

Оставить комментарий