Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бишкекте май куюучу жайда унаасын чимирилте айдаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кайгуулчулар тарабынан коомчулуктун тынчын алып, автоээнбаштык жасаган айдоочу аныкталып, 7 миң 500 өлчөмүндө айып салынган. Автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий