• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖКга кайра шайлоо. Бишкекте 120 шайлоо участогу уюштурулду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Биринчи май жана Свердлов райондорунун участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүдө.

Муницпалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иштерди жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык штаб түзүлүп, анда шаардык штабдын кеңейтилген курамда 2 отурум өткөрүлдү. Ошондой эле Бишкек шаарынын эки административдик районунда тиешелүү райондук штабдар түзүлдү.

Бишкек шаарында 120 шайлоо участогу уюштурулду:
- Биринчи май району - 60 шайлоо участкасы (Ленин району боюнча +11 УШК);
- Свердлов району - 60 шайлоо участкасы (Октябрь районунун +2 УШК).

Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 654 адам, анын ичинен:
- Биринчи май району боюнча 113 105 адам;
- Свердлов районунда 106 549 адам.

"Участкалык шайлоо комиссияларынын иштөөсү үчүн тиешелүү жайлар бөлүнгөн. Бишкек шаарынын жана Бишкек шаарынын муниципалдык администрациялык райондорунун кызматтарын шайлоо участкаларына бекитилди. Шайлоо учурунда медицина кызматкерлери бөлүнүп, алар 2 нөөмөт менен иштешет". - деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде, Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларына, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жетекчилерине депутаттарды кайталап шайлоолорго кийлигишүүгө жол бербөө максатында чектөөлөрдү сактоо, КР Жогорку Кеңеши шайлоону административдик ресурсту колдонбой, мүмкүн болушунча ачык өткөрүү боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы катуу эскертилди.

КР шайлоо жөнүндө мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурда алар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жана Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына билдиришет.

Эскерте кетсек, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтин, МАБдын кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан кийлигишүүгө күбө болсоңуздар, бизге кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Арыздар саат 9дан 18ге чейин кабыл алынат:

- Биринчи май району: 0 (312) 62-11-61, ошондой эле 0999312666 WhatsApp номерине фото жана видео жөнөтсөңүздөр болот;

- Свердлов району: (312) 43-38-63, фото жана видео WhatsApp номери: 0556680544;

- КР БШК ишеним телефону: 1255; 0(312)660240

Пикир

Оставить комментарий