• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда Талас шаарында Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн 32 батирлүү 4 кабаттуу үй салынган кызматтык үйдүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарада башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Иш-чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий