Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Бишкекте май майрамдары күндөрү, тактап айтканда, 1-10-майда 7 миң 631 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- мас абалында автоунаа башкаруу - 144;
- айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкаруу - 87;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 24 ;
- коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу - 1653 ;
- автоээнбаштык - 4;
-“Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар автоунаалар - 238;
- башка жол эрежелерин бузуулар - 5481. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 715 автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Мындан сырткары, кайгуул кызматкерлери тарабынан “102” линиясы боюнча 1 683 ар кайсы багыттагы чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленди.
Пикир
Оставить комментарий