• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ымыркайын өлтүрүүгө шектүү аялдын өз жанына кол салуу фактысы иликтенүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Свердлов райондук прокуратурасы ымыркайын өлтүрүүгө шектүү аялдын өз өмүрүнө кол салган фактысы боюнча иликтөө амалдарын жүргүзүп жатат.

“Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, көзөмөл органы суициддин себебин териштирип жатышат.

Эске сала кетсек, Бишкек ШИИБнин маалыматы боюнча, өз ымыркайын өлтүрүүгө шектүү аял убактылуу кармоочу жайында жанын кыйганы тууралуу маалымат тараган.

Кылмышка шектүү 23-сентябрда кармалып, ал 30 жаштагы Нарын облусунун М.М., аттуу жараны болуп чыккан. Шектүү кармалгандан кийин Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 100 (Ымыркайдын энеси тарабынан өлтүрүлүшү) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий