• 88.68
  • 95
  • 0.95

Антонина Шевченко Phoenix Fighting Championship беттешинде жеңип чыкты

Спорт 0

Бишкек, 25.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Антонина Шевченко Phoenix Fighting Championship беттешин жеңип алды. Бул тууралуу турнирдин Facebook баракчасында айтылат.

22-сентябрда Лондондо ММА Phoenix 3 боюнча эл аралык турнир өттү.

Антонина ММА боюнча рейтингдик таймашты 61,2 кг салмак категориясында өткөрдү. Анын атаандашы Нидерланддык Анисса Хадау болду. Алар үч раунд мушташып, натыйжада Шевченко калыстардын бир добушу менен жеңишке жетишти.

“Голландиялык мароккандык файтершага каршы ММА боюнча беттеште менин бир тууганымдын накта жана керемет жеңиши. Калыстардын бир добушуна ээ болгон чечим. Анын кесипкөй ММА рекорду 6-0 болду. 12 жылдан кийин ал кайрадан октагондо”, - деп жазган Валентина Instagram баракчасында.

Эскерте кетсек, Антонина Шевченко үчүн бул ММА эрежелери боюнча экинчи таймаш. 2005-жылы Түштүк Кореядагы турнирде ал Хюм сонг Кимди жеңген.

Ушул эле турнирде кыргызстандык мушкер Рафаель Физиев муай-тай эрежелери боюнча чыккан. Мелдештер башталардын алдында бир нече күн мурда анын атаандашын марокколук спортчуга алмаштырып коюшкан. Натыйжада Физиев каршылашына уттуруп койгон.

Пикир

Оставить комментарий