• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жакынкы айларда Кыргызстан боюнча 45 акысыз Wi-Fi аймагы иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. Жакынкы айларда “Кыргызтелеком” ААКсы Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл облустары боюнча акысыз Wi-Fi аймактарын ишке киргизет.

Уюмдун маалыматы боюнча, тесттик Wi-Fi түйүндөр Бишкек, Каракол, Кемин, Чолпон-Ата шаарларында Бостери, Кең-Булуң жана башка калктуу пункттарда жеткиликтүү болот. Биринчи баскычта жалпысынан өлкө боюнча 45 акысыз Wi-Fi түйүндөрү ачылат. Алар туристтик жана социалдык объектилерине, билим берүү мекемелерине жакын жайгаштырылмакчы.

“Кыргызтелеком” ААКсы учурда Wi-Fi аймактарын россиялык, казакстандык жана израилдик өндүрүүчүлөрдүн жабдуулары менен камсыздоо сунушун карап жатат.

Долбоорду каржылоо Wi-Fi колдонуучулары үчүн баннердик жарнамаларды жайгаштыруунун эсебинен жүргүзүлөт. Бул керектөөчүгө акысыз интернет, компанияга жарнама берүүчүдөн киреше алып келет. Бул модель ар кандай телекоммуникациялык компаниялар менен ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Социалдык долбоордун башкы максаты – Бүткүл дүйнөлүк желе менен калкты акысыз камсыздоо, бул жарандардын жашоо шартына жана билимдүүлүгүнө таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий