• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Адахан Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча айып коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

“2023-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий