• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Бишкекте майыптыгы бар жарандардын арасында пара марафон өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо майыптыгы бар жарандар арасында "Чектөөсүз спорт" пара марафону өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чара Кыргызстандын Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы, Кыргызстан улуттук паралимпиадалык комитети, жеңил атлетика федерациясы жана дүйнөлүк марафон дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Марафондун негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, коомчулукту спортко активдүү катышууга чакыруу жана эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо. Ошондой эле, бул иш-чара инклюзивдүү спортту колдоого багытталып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, спорттук атаандаштыкта бирдей шарттарды түзүүнү көздөйт.

Пара марафондо спортчулар жеңил атлетика, мас-рестлинг, шахмат жана жаа атуу сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдешишти. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген спорт сүйүүчүлөр өз күчүн сынашты. Катышкан бардык спортчуларга сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий