• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көк-бөрү V ДКОго киргизилиши мүмкүн. Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүзүлүүдө

Спорт 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан кыргыз көкбөрү оюнун V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын спорттун бул түрү боюнча ата мекендик федерациядан билдиришти.

14-февралда федерациянын президенти Рамис Жунусалиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Астанага барды.

Федерация жетекчиси уюштуруучулар кыргыздын улуттук оюнун программага киргизбей койгонуна өкүнүчүн билдирип, кыргыз эли бул маселеге өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кыргызстан ДКОго эки команданы - көк бөрү жана көкпар боюнча алып келүүгө даяр. Казак тарап диалогго даяр экенин билдирди. Кийинки сүйлөшүүлөр Бишкекте өтөт.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.

Пикир

Оставить комментарий