• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте салттуу ушу боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда салттуу ушу боюнча чемпионат өттү. Бул иш-чара жылына КРнын салттуу ушу Федерациясы тарабынан уюштурулуп келет.

Федерациядан кабарлагандай, чемпионатка 8 жаштан улуу 150 ушучу катышкан. Спортчулар “Сейтек” борборунун ушу мектебинен, “ЛиУ” салттуу ушу клубунан, “Жаштык” жаштар борборунан, “Тянь Шань” спорттук ушу клубунан, “Мангуст” ушу клубунан, “Чагылган” ушу боюнча балдар-жаштар клубунан, “Асман” ушу клубунан жана башка мектептерден келип катышышкан.

Ошондой эле чемпионатта ар түрдүү куралдар менен иштөө техникасы көрсөтүлгөн. Алар: кылыч, найза, веер, шапалак жана башкалар. Жеке аткаруудан тышкары спортчулар дуйлянь ( куралсыз күрөшүү) техникасында беттешишкен. Жалпысынан 34 программа көрсөтүлгөн.

Жеңүүчүлөр:

Кокумбек к. Элес (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Исаев Бекстан (“Вин Чунь” ушу клубу);

Ташматова Айсалкын (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Турдукулов Султан (“ТяньШань” ушу боюнча спорт мектеби);

Цой Александр (“Мангуст” салттык ушу боюнча клубу);

Касымов Кокумбек (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Мирлан к. Сезим (“ТяньШань” ушу боюнча спорт мектеби);

Козубеков Жанболот (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Самудинова Алия (“ТяньШань” ушу боюнча спорт мектеби);

Токсонбаева Даяна (“ЛиУ” салттык ушу боюнча клубу);

Алишерова Нүргүл (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Мягких Александра (“ЛиУ” салттык ушу боюнча клубу);

Бойко Валерия (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Мажитов Амир (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Касымов Азат (“ТяньШань” ушу боюнча спорт мектеби);

Турдумбетов Эрбол (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Савкова Мария (“ЛиУ” салттык ушу боюнча клубу);

Мусуров Адильхан (“Мангуст” салттык ушу боюнча клубу);

Сталкинов Исхак (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору);

Адилов Мухаммед (“Чжундао” ушу мектеби “Сейтек” борбору).

Пикир

Оставить комментарий