• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто мамлекеттик кызматкерлердин арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.07.23. /Кабар/. Ош шаарындагы “Дельфин” бассейнинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты жарандарды спортко тартуу, дени сак жашоого үндөө, ынтымакка, достукка чакыруу болгон.

Мелдешке Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана мекеме-ишканалардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, суучулдарга таймашууда ийгиликтерди каалады.

Мелдеш 5-тайпага бөлүнүп, ага 25 жаштан баштап, 55 жаштан жогорку жаштагы эркектер, 35 жашка чейинки жана андан улуу жаш курактагы аялдар, жалпысынан 100дөн ашуун адам катышты.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медалдар жана дипломдор тапшырылды.

​​

Пикир

Оставить комментарий