• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта класстерин түзүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган жолугушууда эки облустун пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Эл аралык донордук уюмдардын/каржылык институттардын өкүлдөрү менен өз ара пикир алышып, тажрыйба алмашышты.

Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - өлкөбүздүн түштүк тарабында туруктуу пахта өндүрүү кластерин тузүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, пахта өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү каржы булактарын сунуштоо жана пахта өндүрүүчүлөр менен каржы институттарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого багытталган.

Аталган иш-чара пахта өндүрүүчүлөр ассоциация өкүлдөрүнүн сунушу менен Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий