• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Ырыскул кызы Нурзада-Кабар/. Бүгүн Бишкекте Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мактымкулу Фрагинин чыгармачылыгынын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы” аттуу темада эл аралык илимий конференция өттү.

Иш-чара Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиев, Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, БУУнун Кыргызстандагы тутумунун координатору Антье Граве катышты.

Катышуучулар Мактымкулу Фрагинин чыгармачылыгы түрк элдеринин маданий байланыштары үчүн маанилүүлү экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө фотокөргөзмө, Кыргызстанда тартылган "Мактымкулу дүйнө эсинде" даректүү тасмасы көрсөтүлүп, акындын тандалган чыгармаларынын бет ачары болду.

Элчи Нуры Голлиев иш-чара Түркмөнстан менен Кыргызстан элдеринин достугун бекемдейт деген ишеничин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий