Бишкекте мамкызматкерлер арасында көк бөрү боюнча достук мелдеши өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кечээ, 12-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында 40 жаштан өйдө мамлекеттик кызматкерлер арасында көк бөрү оюну боюнча достук мелдеши өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке жалпы төрт команда: Жогорку сот жана прокуратура, Ички иштер министрлиги, маданият, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери катышты.

Финалга Жогорку сот жана прокуратуранын командасы менен Ички иштер министрлигинин командасы чыкты. Финалдык оюн 19-март күнү “Аккула” ат майданында өтөт.

Ал эми үчүнчү орун үчүн маданияттын командасы менен Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын командасы ойноп, маданияттын кызматкерлери жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Жалпы байге фонду президенттин фондунан каржыланып, 500 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий