• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бишкектеги мамлекеттик Тарых музейинде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган конференция өтүүдө.

Илимий-практикалык конференциянын алкагында "Өрнөктүү өмүр" сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Андан кийин Апас Жумагуловдун өмүр таржымалына арналган тасма көрсөтүлдү.

Иш-чараны ачып жатып министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Апас Жумагулович көрүнүктүү инсан экенин, мамлекеттик башкаруучулардын азыркы мууну үчүн анын тирүү кезинде өмүр жолун урматтоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

"Анын Советтик Кыргызстанда узак жолду басып өткөнү – эң жогорку сыйлыктарга татыктуу. 90-жылдардагы мамлекеттүүлүгүбүздүн эң оор калыптанышы Апас Жумагуловичтин мойнуна түшкөн. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон", - деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жумагулов андан ары да ишин улантып, ошол кездеги жаш Кыргызстандын дипломатиясын, өнөр жайын, коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салым кошуп келгенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий