• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкек шаарынын коменданты соода борборлорунун ээлеринен сатуучулардан ижара акысын талап кылбоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Соода борборлорунун ээлерин сатуучулардан ижара акысын талап кылбоого чакырам. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиев мындан мурда Бишкекте батирлерин ижарага берген жарандарга учурдагы абалга түшүнүү менен мамиле кылып, ижара акысын талап кылбоого чакырганын айтып, соода борборлорунда орундарды ижарага берген дүкөн ээлерине ушул эле маселе менен кайрылды.

"Соода борбордун ээлерине сиздер да убактылуу ижара акысын талап кылбасаңыздар деп кайрылат элем. Ырыс алды – ынтымак дегендей бири-бирибизге жардам берсек. Өзгөчө абалдын талаптарын жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, үй-бүлөбүз менен үйдө отурсак бул коркунучтуу илдеттен эртерээк кутулуп, борбор калааны, бүтүндөй мамлекетти бул оорудан сактап калабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий