• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

15 тонна техникалык туз чачылды. Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо улантылууда

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең менен жолдорго 15 тонна техникалык туз чачылды.

"Кар жана музду тазалоого 18 атайын техника тартылган. Бишкек шаары боюнча штаттык режимде 663 көчө шыпыргыч, "Тазалыктын" 117 жүк ташыган кызматкери иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, көчөлөрдү кардан арылтуу иштери улантылат.

Шаардын жолдорун, тротуар, аялдамалардын айланасындагы кар, муздарды тазалоо боюнча кайрылуулар мэриянын WhatsApp 0554 182 185 номуруна кабыл алынат. Мындан тышкары, 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү чалууга болот.

Ошондой эле жол тазалоого байланышкан маселелер жаралса, төрт райондун акимдеринин орун басарларына төмөнкү номурлар аркылуу түз кайрылууга болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0550) 99-79-27;

- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0772) 19-20-74;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — (0555) 66-60-96;

- Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — (0551) 57-18-23.

Пикир

Оставить комментарий