• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Чемпион болсоң Хабибдей тосуп алабыз деп убада бергем” – Акжол Махмудовдун атасы кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 12.09.22./Кабар/. Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Урматтуу кыргыз элим! Акжол уулум баарыбызга жакшы маанай тартуулады окшойт, үй-бүлөбүздөгү кубанычты тең бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат.

Акжол баратканда чемпион болсоң аэропорттон Хабибди (ред:. UFC`нин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери) тоскондордой тосуп алабыз деп убада берген элем, жалганчы болуп калбайын», - деп, Акжол Махмудов 15-сентябрь эртең мененки саат 05:10до "Манас" аэропортуна конорун социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий