• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге инвестициялык саясат боюнча семинар өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 16.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге инвестициялык саясат боюнча семинар өтүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн инвестиция негизги факторлордун бири бойдон калууда. Буга байланыштуу инвестициялык климатты түзүүгө биргелешкен иш-аракеттерди көрүү зарыл.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасында сезилерлик өсүш байкалууда. Мындан улам инвестициялык климатты түзүүгө бизден комплекстүү иш-чаралар талап кылынат. Ошондуктан биз президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаар жана район башчыларына, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине семинар уюштуруп жатабыз. Мында инвестициялык чөйрөнү анализдөөгө, инвесторлордун ишенимин арттыруунун жолдорун талкуулоого, инвестицияларды колдоодо жана тартууда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого өзгөчө көңүл бурулат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий