• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорун жандандыруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.12.23./Кабар/. Бишкекте "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун 2-фазасын жандандыруу максатында кеңешме өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Кеңешмеге Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, экономика жана коммерция министринин орун басары С.Болотов, юстиция министринин биринчи орун басары З.Аскарова, тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов, билим берүү жана илим министринин орун басары Л.Самыкбаева, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик департаменттердин жетекчилери жана "Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрүнөн турган кеңешме болуп өттү.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун 1-фазасы 2019-жылы башталып, анын жыйынтыгында өлкө боюнча 28 мектеп, 2 бала бакча курулуп, алардын 98% эксплуатацияга берилген.

Пикир

Оставить комментарий