• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борборунда жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бишкектин Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси старт алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Жарманке 31-декабрга чейин уланат. Иштөө убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин.

Шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкандар жана өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий