• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте маммекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жыйын президент тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруунун алкагында өттү. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бардык жетекчилери, райондук администрациялардын башчылары жана муниципалдык ишканалардын, орто билим берүү мектептеринин директорлору, ошондой эле Бишкек шаарынын ооруканаларынын башчылары болуп, жалпы 250дөн кызматкер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилерге жаңы кабыл алынган мыйзамдын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери, ошондой эле коррупциялык фактылар, козголгон кылмыш иштери жана сотко тартылган адамдар боюнча акыркы 4 жылдагы статистикалык маалыматтар берилди.

Коррупциялык иштин фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга өмүр бою белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилип, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга тийиш болору айтылды.

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштерди жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий