Бишкекте “Мария” тасмасынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жана Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы “Мария” (“Миңкыял”) толук метраждуу көркөм тасмасынын бет ачарын өткөрүштү. Тасманын кинорежиссёру - КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Марат Сарулу.

Фильм сүйүү, кыялдар, чыккынчылык жана берилгендик тууралуу, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Ролддордо: Марат Амираев, Курманбек Мамыров, Азиз Юсупов, Жылдыз Бекова, Акмарал Узбекова, Мээрим Атантаева, Медина Ыбышева жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий