• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте маршрутка коюп кеткен кыздын абалы туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө маршрутка коюп кеткен 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 17-февралда саат 17:00дөр чамасында №138 маршруттук унаанын 29 жаштагы Р.М. аттуу айдоочусу Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 11 жаштагы К.А. аттуу окуучу кызды сүзүп алган.

Министрликтин маалыматы боюнча, кыз №3 ооруканага ошол эле күнү саат 17:30да келип түшкөн.

Дарыгерлер кыздын баш мээси чайкалып, акыреги сынганын жана бир нече жеринен жараат алганын билдиришти.

“Аны нейрохирургия бөлүмүнө жаткыруу чечими кабыл алынган. Анын абалы туруктуу, тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Кийинки жуманын аягында акырегине операция жасоо пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий