Бишкекте Медайымдардын эл аралык күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бишкекте Медайымдардын эл аралык күнү белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында “Мисс Медайым-2023” сынагы өтүп, ага Саламаттык сактоо министрлигинин, Октябрь райондук акимчилигинин, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Мыкты медайымдарга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле ак эмгеги жана жоопкерчиликтүүлүгү үчүн бир катар медиктер Биринчи май райондук акимчилигинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий