• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Бишкекте мектеп директорлору менен жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусу менен борбордогу мектептердин директорлору үчүн пландык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеде борбор калаанын бир катар мектептеринде окуу-тарбия процессин уюштуруу боюнча өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулду.

Иш-чаранын алкагында Виктория Мозгачева айрым уюштуруу маселелерин чечүүдө эрежелерди сактоо зарылдыгын белгилеп, ошондой эле үгүт иштерине катышкандыгы үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин эске салды.

Белгилей кетсек, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 21-беренесинин 6-пунктуна ылайык, билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат. Билим берүү уюмдарында билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин арасында саясий жана диний пропаганда жана үгүттөө жүргүзүүгө жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий