• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын мэри Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр Мамбетов Ош шаары Казакстандын Тараз шаары менен достук алакада көп жылдан бери социалдык-маданий, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү багытында кызматташып келе жаткандыгын айтып, IT жана туризм багытындагы адистерди даярдоо жаатында кызматташуу боюнча сунушун билдирди.

Жыйындын алкагында элчи Рапиль Жошыбаев Казакстандын Ош шаарындагы жаңы консул Мухтар Карибай менен тааныштырды.

Ошондой эле, Казакстан Кыргызстан менен билим берүү жаатында 5 багытта адистерди даярдоону колго алып, университеттердин бирине Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу, туризмди өнүктүрүүдө турларды жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө жарманкелерди уюштуруу, маданий-гуманитардык багытта иш-чараларды өткөрүү боюнча бир топ иштер аткарылып жаткандыгына токтолду.

Мындан тышкары, ноябрь айында Бишкек шаарында өтө турган маданий багытта чоң иш-чарага чакырып, Ош шаарында да кино жумалыктарын, эки өлкөнүн өндүрүш ишканаларынын башын бириктирген жарманкелерди өткөрүү иштерин алып баруу сунушун берди. Аны менен катар туризм багытын жогорулатуунун алкагында авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча ой-пикирлер ортого салынды.

Пикир

Оставить комментарий