• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте “Мен кыргызстандыкмын – бул менен сыймыктанам!” аттуу балдар сынагы өттү

Маданият 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бишкекте вокалисттердин, жеке элдик бийчилердин жана элдик аспаптардын аткаруучуларынын “Мен кыргызстандыкмын – мен бул менен сыймыктанам!” аттуу аймактар аралык балдар кароо-сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынакка Бишкек шаарынын Свердлов районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышты.

7-11 жаштагы окуучулар арасында “Вокал” номинациясында өткөн сынактын жыйынтыгы менен:

- 2-орунду №114 орто мектептин окуучусу Зайнидирова Аяра ээледи.

«Вокал» номинациясында 12-14 жаштагы окуучулар арасында:

- 1-орунду №12 МГнын окуучусу Мазур София ээледи;
- 2-орунду №1 орто мектептин окуучусу Нурметов Шахриёр;
- 3-орунду №111 орто мектептин окуучусу Илязова Зехра ээледи.

«Вокал» номинациясында 15-17 жаштагы окуучулар:

- 1-орунду №67 ОТКМГнын окуучусу Бейшекеев Кадырлуу;
- 3-орунга №111 орто мектептин окуучусу Шаршенбекова Магира ээ болду.

12-14 жаштагы окуучулар арасында “Улуттук аспапта ойноо” номинациясында:

- 1-орунду №12 МГнын окуучусу Таалаев Темирлан;
- 3-орунду №33 МГнын окуучусу Бекбоев Актан ээледи.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин «Улуттук каада-салт жөнүндө» жарлыгын, «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияны ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле жөндөмдүү жана таланттуу жаш аткаруучуларды колдоо, балдардын чыгармачылыгы аркылуу кыргыз маданиятын жайылтуу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий