• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте менингиттен бир жашар бала чарчап калды

Ден соолук 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында 1 жашар бала чарчап калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо минитрлигинен билдиришти.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун маалыматына ылайык, 1 жаш 1 айлык А.Э. аттуу бейтап 23-февраль күнү саат 17:30 чамасында оор абалда ооруканага түшкөн.

Бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, абалы оор болгондуктан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын инфекционисттери шашылыш консультацияга чакырылган. Дарыгерлер “Менингококк инфекциясы” диагнозун коюшкан.

Көрүлгөн бардык чараларга карабастан, бала ооруканага түшкөндөн 6 сааттан кийин, 23-февралда саат 23:50дө чарчап калган.

Пикир

Оставить комментарий