• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 209 адам коронавируска карата текшерүүдөн өттү, илдетти жуктуруу фактысы ырасталган жок – Ашыралиева

Ден соолук 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда 209 адам коронавируска карата текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөөлөр лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бир да бейтапта илдетти жуктуруу фактысы ырасталган жок. “Бейтаптын клиникалык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөрү бар болгондо гана анын тамагынан суюктук алынып, анализге жиберилген. Башкача айтканда, эгер ошол адамда жаңы коронавируска мүнөздүү симптомдору байкалса же ал вирустун уюгу болгон (КЭР) кооптуу зона жактагы адамдар менен байланышта болгон болсо гана текшерүүдөн өтөт. Ал эми эгерде анын симптомдору бар, бирок, ал кооптуу зонадагы адамдар менен эч кандай байланышы болбогон болсо, сасык тумоодогудай эле дарылануудан өтөт”, - дейт Ашыралиева.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, анализ үчүн суюктук стерилдүү түрдө жана баардык эрежелерди сактоо менен алынуусу керек. “Учурда бул анализдер чек аралардагы жана аэропорттогу санитардык-көзөмөл пукттарында, Беш-Күңгөй айылындагы улуттук госпиталда жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жүргүзүлүүдө. Ал эми текшерүү тесттери жетеби деген суроого, салыштырмалуу жетиш керек деп жооп бере алам. Анткени, биз аларды баардык бейтаптарга карата колдонбойбуз. Текшерүү бейтапта клиникалык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр болгондо гана жүргүзүлөт”, - дейт дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий