Бишкекте милиция 20 миң сомдук велосипедди уурдап кеткен кишини кармады

Укук тартиби 0

Бишкек. 20.03.21. /Кабар/. Бишкекте милиция 20 миң сомдук велосипедди уурдап кеткен кишини кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 19-мартта болжол менен саат 00:50лөр чамасында милицияга велосипед уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, М.А. аттуу жарандын 20 миң сомдук велосипедин белгисиз жаран уурдап кеткендигин аныкташкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, арыз ээси менен чогуу кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Т. К. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий