• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте милиция адашып кеткен 4 жашар кызды апасына жеткирди

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып кеткен 4 жашар кызды апасына жеткирди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 2-майда болжол менен саат 18:40 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2017-жылы туулган А.Х. аттуу кичинекей кыз адашып жүргөндүгү аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кичинекей кызды кызматтык унаага отургузуп, көп узабай жашаган дарегин тактап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Кызынын табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий