• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен: Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 183 адамга жетти

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 3-майдагы таңкы маалыматка ылайык, жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетип, 34 киши курман болду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 99 бейтап Бишкек жана Баткен облусунун ооруканаларында дарылануусун улантууда.

“Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 35, Улуттук госпиталда 12, Улуттук хирургия борборунда 9, Баткен облустук бириккен ооруканасында 11, Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлер практикалык борборунда бир, Самаркандекте 2, Лейлекте 13, Кадамжайда 16 бейтап дарыланууда. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий