• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Ошто жылуулук бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Эртең, 15-ноябрдан тарта Ош шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош Муниципалдык Жылуулук камсыздоо ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругунун негизинде , аба-ырайы өзгөрүп суук түшкөнүнө жана шаардыктардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарына жылуулук бериле баштайт.

“Алгач шаардын социалдык объектилерине – бала бакча, ооруканалар, мектеп жана башкалар, андан соң турай үйлөргө жылуулук берүүнү камсыздоо тапшырмасы берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий