Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып кеткен 6 жашар баланы таап берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-апрелинде болжол менен саат 14:00 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Кудайберген базарында кичинекей бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 6 жашар Б.у.Н. аттуу бала атасы менен Кудайберген базарына келип, андан ары адашып кеткендиги аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жаш баланы таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.
Уулунун табылганына сүйүнгөн баланын апасы кайгуул кызматкерлерине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий