• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте милиция формасын кийгендер туристтерди тоноп кетишти

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте милиция формасын кийген адамдар туристтерди тоноп кетишти. Бул тууралуу Facebook баракчасынын колдонуучусу Аскат Чыналы жазып чыкты.

“Бүгүн менин көзүмчө “Спартак” стадионунун жанында Европадан келген туристтерди тоноп кетишти. Милиционерлер эки туристти тегеректеп, бир нерселерди сүйлөшүп жатып эле дароо качып кетишти. Туристтер милиционерлер алардын болгон акчасын уурдап кетишкендиктерин айтышты”, - деп жазган Аскат Чыналы.

Анын айтымына караганда, туристтер менен сүйлөшкөн соң каракчылар күмүш өңдөгү “Audi А4” унаасына түшүп кетишкен.

“Алар өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырып, акчалар жасалма экендигин айтып, алып коюшкан. Каракчылар үчөө болчу”, - деп жазган колдонуучу.

Аскат Чыналы чет элдиктерди үйүнө чакырып, эртеси күнү алар милицияга арыз менен кайрылбай эле саякаттарын улашкан.

Ал эми, шаардык ИИБ бул маалыматты текшерип, толугураак билдире тургандыктарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий